Бул аңги-жинди 159 сексуалдык кылмыш жасап, 136 зордуктоо кылып, анын колуна илингендер негизинен эркектер болгонун BBC жазып чыкты.
6-январда Манчестер соту Рейнар Синаганы күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты. Ал үйүнө эркектерди чакырып, суусундугуна баңгизат кошуп, тигил алдан тайыганда зордуктап, анын баарын видеого тартып келген.
Полициянын айтымында 36 жаштагы кылмышкер 190 эркекти “жайлаган”. Бул британиядагы бир кишинин эң көп зордуктоо кылгандардын алдыңкы катарына кирет. Синага башка кылмыштары үчүн 2019-жылы жазында 20 жылга соттолгон. Бирок анын мындай аңгилиги анда аныкталган эмес экен. Анын үстүнөн төрт башка сот болуп, 136 зордуктоо аныкталып, күнөөсү мойнуна коюлган.
Зордукталган эркектин бардыгы сотто болгон окуяны айтып беришкен. Акыры кылмышкер күнөөсүн мойнуна алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ