“Бизде айтып жатпайбы, “парламентте жаштар жок” деп, азыркы парламентте 50 проценттен ашыгы жаштар… Жаш курамын алып, парламенттеги 120 депутатты карасак, тескерисинче жаштар 50%тен да ашып кетет, жаштар бар. Бизде азыр карап көрсөк, бети ачылып жаткан коррупция иштеринин көбүн кимдер кылып жатат? Улууларбы же жаштарбы? Ал жерде цифра менен статистиканы карасаңар жаштар көбүрөөк. Ошондуктан баягы “жаштар бийликке келсе эле баардыгы аябай май көл, сүт көл заманга келебиз, жаштар келсе абдан сонун болот” деген – бул адашуу!” – деп билдирди кечээ, 9-январда “Ата-Мекен” фракциясынын экс-лидери Алманбет Шыкмаматов.
“Ата-Мекен” фракциясынын экс-лидери Алманбет Шыкмаматовдун КР ЖКнын пресс-катчысы Ибраим Нуракун уулуна берген интервьюсунан алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ