Menu

Дайынсыз жоголуп кеткен 21 жаштагы кыз Москвадагы СИЗОдон табылган

Бөлүшүү:
Дайынсыз жоголуп кеткен 21 жаштагы кыз Москвадагы СИЗОдон табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 2019-жылдын декабрь айында Россияда жайгашкан КРнын ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн ишеним байланыш телефонуна кыргызстандык 55-жаштагы жараны Чүй облусунун тургуну Н.А. кайрылып өзүнүн дайынсыз жоголгон кызы 1998-жылы туулган А.Сны издөө иштерине көмөк көрсөтүүнү суранган.
Жарандын айтымында анын кызы 2019-жылдын декабрь айынын ортолорунда байланышка чыккан, бирок андан кийин белгисиз себептерден улам анын туугандары менен байланышы үзүлгөн. Мындан тышкары жарандын башка туугандары да кайрылып кыздын жайгашкан жери боюнча маалымат билип берүүнү өтүнүшкөн.
Жоголгон кыздын Москвадагы жайгашкан жерин жери тууралуу маалымат алуу үчүн издөө иштери башталган.
Ыкчам-изилдөө иштери жүргүзүлүп, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында дайынсыз жоголду деп издөөдө жүргөн жаран мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аныктамага караганда А.С аттуу жаран 2019-жылдын декабрь айынын ортолорунда Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин 2-бөлүмүнүн “в” пунктунда ( ири өлчөмдө мүлктү уурдоо) каралган кылмыштардын негизинде шектүү катары кармалып укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган.  Тергөө иштери учурунда Москва шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Буга ылайык дайынсыз жоголгон жараадын издөө иштери токтотулган. Азыркы учурда аталган факт боюнча туугандары маалымдандырылып юридикалык консультация ала алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: