Кыргыз-тажик чек ара окуя боюнча Тажикстандын 6 жаранына издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.
Анын айтымында, Тажикстандын жарандары чек ара жаңжалындагы чагымчылдыкка шектелүүдө. Биз аларга издөө жарыяладык. Алар чек арага жакын жайгашкан айылдын тургундары. Бул тууралуу Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө билдирдик коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары чек арадагы акыркы жаңжал боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатат.», — дейт М.Каниметов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ