Menu

Саламаттык сактоо министрлиги: “Коронавируска чалдыккан адамды ооруканага алып келди” деген маалымат чындыкка дал келбейт

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында коронавирус илдетине чалдыккан бир да факт катталган эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырдаалды көзөмөлдөп туруу үчүн саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан атайын штаб түзүлгөн.

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде “Жугуштуу оорулар клиникасына коронавируска чалдыккан адамды алып келди” деген маалымат чындыкка дал келбестигин министрлик баса белгилейт.

Министрлик такталбаган маалыматты коомчулукка таратпоону суранат.

Белгилей кетсек, декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү – 2019-nCoV деп алдын ала маалыматтарда айтылган.

Бүгүнкү күндө аталган вирус Кытай мамлекетинен тышкары да жайылууда. Тайванда, Түштүк Кореяда, АШ, Тайланд, Гонконг жана Австралиянын аймагында вирусту жугузуп алган учурлар катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдан тараган коронавирустун пайда болушун жана аны менен күрөшүү жолдорун табуу үчүн чакырык таштады.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: