Бишкек шаарында жол кырсыгы болуп, 14 жаштагы бала жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Кайгуул милиция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, жол кырсыгы 24-январда, болжол менен таңкы саат 7:40 чамасында, Бишкектеги Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Эки маршрутка кагышып, кырсыктын кесепетинен 14 жаштагы бала жабыркаган. Ал эми айдоочулар качып кетишкен. Аларды кечээ, 27-январда милиция кармап, өздүгүн тактаган. 1998-жылы туулган Б.М. (№138 маршрутканын айдоочусу) жана 1970-жылы туулган Г.А. (№212 маршрутканын айдоочусу) кармалган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ