Menu

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 106га жетти

Бөлүшүү:

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 100дөн ашты. Бул тууралуу “РИА Новости” бүгүн, 28-январда жазып чыкты.

Алардын жазганына караганда, Кытайда өпкөнү сезгенткен коронавирустан каза тапкандардын саны 106га жеткен. Бул илдетти жуктуруп алгандардын саны 2 миң 714 болгон.

Эске сала кетсек, элди ызы-чууга түшүргөн коронавирус илдети Кытайда чыгып, ал тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыгып, өлгөн адамдардын саны 80ге жеткен. АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда коронавирус жугузган адамдар аныкталганы маалым болгон.

Ал эми бизде, Кыргызстанда катталбаганын Саламаттык сактоо министрлиги байма-бай айтып келет. Кечээ, 27-январда аталган министрлик коронавирус боюнча ыкчам байланыш кызматы ачылганын билдирген. Ошондой эле, кечээ КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да бул илдет Кыргызстанда катталбаганын расмий билдирсе, биздин ТИМ “Коронавирус”  тараган Ухань шаарында 50 кыргызстандык бар экендигин жана алардын саламаттыгы жакшы экендигин билдирген. «Кыргызстанда коронавирус катталды» деп социалдык тармактарга тараган маалымат чындыкка дал келбесин Өкмөттүн басма сөз кызматы кечээ, 27-январда расмий билдирүү тараткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: