2021-жылдын 1-январынан тартып кыргызстандыктар биометрикалык жалпы жарандык паспорт ала баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, биометрикалык паспортторго жарыяланган тендер боюнча соттук териштирүүлөр аяктаган. Бирок, ал тендер кандай өтө турганын жана кайсы компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн айткан жок, бул боюнча суроону жоопсуз калтырды. Дегеле ал паспорт тууралуу журналисттерге кеңири айтып берген жок. Болгону ал: «Биз паспортторду өзүбүздөн басып чыгаруу жолуна баратабыз. Бул — коопсуздук маселеси жана мамлекеттин имиджи үчүн», — деп гана тим болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ