Бүгүн, 3-февралда болжол менен түнкү саат 03:30да Өзгөн районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөө кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Өзгөн районундагы Мырзаке айылындагы Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, электр мамычасын сүзгөн. Кырсыктан улам өрт чыгып, жети адам тирүүлөй күйүп кеткен.
Жерине келген куткаруучулар 04:18 өрттү өчүрүп, 04:35те күйүп кеткен адамдардын сөөгүн табышкан. Сөөктөрдү райондук ооркананын өлүкканасына жеткиришкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ