Кечээ, 20-февраль күнү Акыйкатчы аппаратынын өкүлү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына барып, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Алмазбек Атамбаев камакта кармоо шарттарына арызданган эмес. Ал өзүнүн ден соолугу тууралуу: “Акыркы кездерде артериалдык кан басымым төмөндөп жатат. Ошондуктан дарыгерлерге көбүрөөк кайрылуудамын” – деп айткан.
Эсиңиздерге сала кетсек, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр атасынын кан басымы өтө эле төмөн экенин, каалаган учурда инсультка же инфарктка кабылышы мүмкүн экенин айтып, атасынын ден соолугу үчүн дуба кылууну суранган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ