2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылындагы окуя боюнча алдын ала угуулар 3-мартка жылды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасына бүгүн, 28-февралда жазып чыкты.
Ал алдын ала угуулар 3-март күнү саат 16:00гө жылганын билдирген.
Буга чейин Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуясы боюнча алдын ала угуулар 2-мартта болоорун айткан.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, ишти Биринчи май райондук сотуна жиберген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ