Menu

Фото – КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстеликтин курулушу менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 28-февралда Россия Федерациясынын Тверь облусундагы Ржев шаарына иш сапары менен барып, Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстеликтин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Дамир Сагынбаев Тверь облусунун, Ржев шаарынын жана подрядчы уюмдун жетекчилери менен жолугушуп, аталган курулуштун жүрүшү жана каржылоо маселелерин талкуулады.

Ал Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин аталган эстеликтин курулушуна өзгөчө маани берерин жана согуш жылдарында советтик солдаттар менен кыргызстандык жоокерлердин көрсөткөн эрдиги менен каармандыктарын сактоо жана түбөлүккө калтыруу боюнча мындан ары дагы иш-аракеттерди көрүү ниети бар экенин, ошондой эле кыргызстандык жоокерлерге арналган эстеликти курууга көрсөткөн колдоосу үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирерин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тарабынан Ржев шаарынын жетекчилери жана подрядчы уюмдар менен тыгыз кызматташуу жүргүзүлүп, эстеликтин курулушуна байланыштуу башка маселелер да чечилип жатат.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 14-мартында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы жалпы элдик майрам катары белгиленет жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү боюнча масштабдуу даярдыктар башталган.

Улуу Жеңиштин бүткүл дүйнөлүк-тарыхый маанисин эске алуу менен Мамлекет башчысы тарабынан согуш жылдарындагы кыргызстандык жоокерлердин эрдиги менен каармандыгын түбөлүккө калтыруу зарылдыгы белгиленген жана Россия Федерациясынын Тверь облусундагы Ржев шаарына Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик куруу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылган.

Эстеликтин жалпы эскизи КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан жанындагы эстеликтердин архитектуралык композицияларын эске алуу менен иштелип чыккан.

Анын негизги концепциясын Ала-Тоо түзөт.

Эстеликтин ачылышы 2020-жылдын май айына пландаштырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: