Пекиндеги кыргызстандык экинчи кабаттан кокусунан кулап кеткен, бул коронавируска байланыштуу эмес. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-март күнү билдирди.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда вируска байланыштуу өзүнүн жанын кыйууга барып, белин кокустатып алган.
ТИМдин айтымында, окуя 6-март күнү болгон. Иу шаарынын ооруканага экинчи кабаттын терезесинен кулап кеткен 24 жаштагы кыргызстандык жеткирилген.
Министрлик кыргызстандык жаран өзүнө кол салган деген маалыматты четке кагып, анда коронавирус илдети табылган эместигин кабарлайт.
Пекиндеги медициналык мекеменин маалыматы боюнча азырынча Кыргызстанга алып келүү мүмкүн эмес. Белинен жаракат алган кызды мекенине жиберүү анын ден соолугуна терс таасирин тийгизе турганын белгилешкен. Учурда ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, керектүү медициналык жардамды алып жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ