11-мартта республика боюнча коронавирусту алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери башталган. Анын ичинде Бишкек шаарынын борбордук мечитинде Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери келип дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди
Дезинфекциялоочу адистер сууга кошулмасы бар даары-дармекти мечиттин ичине, айнек-терезелерине, айланасына, дааратканасына чачышты.
Бишкек шаарында жалпы 68 мечит болсо алардын баары кезек-кезеги менен күнүнө 2 жолу дезинфекцияланат.
Эскерте кетсек, буга чейин КМДБ тарабынан өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында, сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилген. Республикадагы бардык мечиттерде, диний окуу жайларда дезинфекциялоо иштери башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ