Menu

Кыргыз-казак чек арасы аркылуу кыргыз жүк ташуучуларды өткөрүү жанданды

Бөлүшүү:

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу кыргыз жүк ташуучуларды жүк менен өткөрүү жандандырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 25-мартына карата «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 97, «Чон-Капка автожол» аркылуу – 26 унаа Кыргыз Республикасына келди.

Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл-өткөрмө жайлар аркылуу 192 жүк ташуучу унаа Кыргыз Республикасынан кеткен. Жүк унааларын өткөрүү тоскоолдуксуз жүргүзүлүүдө.

Жүктөрдү арасында жабдуулар, азык-түлүк, калк керектөөчү товарлар, курулуш материалдары, тиричиликте колдонулуучу химиялык заттар, унаа тетиктери, косметика жана башкалар бар.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө продуктуларды ташууга убактылуу тыюу салган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: