29-марттан 30-мартка караган түндө Ош облусунда коменданттык сааттын эрежелерин бузган 13 жаран кармалды. Бул тууралуу онлайн брифингде Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымы боюнча, коменданттык саат учурунда олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. Кармалган 13 жарандын ичинен кээ бирлери адашып калгандар да болгон. Аларды үйлөрүнө жеткирип коюшкан.
“Бул илдетти тартип, режим жана сабырдуулук менен гана жеңебиз деген үмүттөбүз. 15-20 күн сабыр кылып чыдап турсаңыздар, кайра мурдагы тартипке өтөбүз деген үмүт бар” – деп кошумчалады комендант.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ