Menu

Элмира Мырзапаязова, Нью-Йорктун тургуну: “Кыргыз бийлиги көчөлөрдү дезинфекциялап жатышканын күндө видеодон көрүп суктанып жатабыз, бизде АКШда мындай жок”

Бөлүшүү:

“Кыргызстандын бийлиги азамат экен деп биз АКШдан суктанып жатабыз, анткени биз күндө азыркы мекенибиз  АКШ менен туулган жерибиз Кыргызстандын телеканалдарын, видеоканалдарын көрүп салыштырабыз. Өзүңөр билгендей АКШ азыр таажывирусту жуктуруу жана таажывирустан каза болгондордун сандары боюнча дүйнөдө эң алдыңкы орунга чыкты”, – деп билдирди бүгүн, 30-мартта АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган мекендешибиз Элмира Мырзапаязова.

“Кыргыз бийлиги Бишкектин жана башка шаар менен айылдардын көчөлөрүн бир нече күндөн бери тындырбай улам-улам тазалатып, дезинфекциялап жатышкандарын күн сайын видеоканалдардан көрүп жатабыз.  АКШда андай жок. Биздин АКШнын бийлиги да Кыргызстандын бийлигине окшоп көчөлөрдү тындырбай дезинфекцияласа болмок. Анткени азыр Нью-Йоркто таажывирусун жуктургандардын саны 60 миңге жетти. Ар бир 5 мүнөттө бирден вирус жуктурган адам табылып жатат. Бир суткада 167 киши таажывирустан  каза болууда. Ошого карабай биздин бийликтин камараабастыгы таңгалдырат”, – деди Элмира Мырзапазяова.

“Көчөлөрдө, аялдамаларда, дүкөндөрдө  адамдар бири-биринен 2 метр алыстыкта жүрүш керек деген талапты  америкалыктар, айрыкча динчилдер аткарбай жатышат. Алтургай биз жашаган үйдүн подъезддери вирус тез тарап жаткан учурда  тазаланбай калды.  Домкомдун үстүнөн шаардык мэрияга арыздансак текшерүү келип, домкомго айыппул салып кетти. Бирок домком вируска каршы тазалоо иштерин дагы деле жүргүзбөй жатат. Силерде шаарларга да карантин тез киргизилгени жакшы болду. Бизде оору көбөйүп кеткинче камараабай жүрө берип, эми минтип көргүлүктү көрүп жатабыз”, – деп кошумчалады Элмира Мырзапаязова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: