Бүгүнкү күндө 290 адам стационарларда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, 290 адамдын ичинен 5 бейтаптын абалы оор. Бүгүнкү күндө алар жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 339 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен 176сы аял, 163ү эркек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ