Menu

Казакстанда карцерде отурган активист ачкачылык жарыялады

Бөлүшүү:

Алматы облусундагы абактын карцеринде отурган жарандык активист Асет Абишев ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын адвокаты Гүлнара Жуаспаева билдирди.

«Асет түрмө жетекчилигине каршылык билдирип, беш күн мурда ачкачылык жарыялаган. Былтыр ал абакта катуу сабалып, башынан жаракат алган. Азыр анын саламаттыгы тууралуу маалымат ала албай жатам, карантинден улам Алматыдан чыга албайм. Ошондуктан түрмө жетекчилигине кайрылып, Асет менен аудио же видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүнү өтүндүм», — деди адвокат.

Алматы облусунун Заречный айылындагы абактын жетекчиси Жанибек Косжанов Асет Абишев ачкачылык жарыялаганын ырастады.

— Ал карцерге жаткырылгандан бери төрт күн тамактанган жок, бүгүн тамак ичти. Саламаттыгы жакшы, дарыгердин көзөмөлүндө», — деди Косжанов.

8-апрелде адвокат Абишев коронавируска байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүүнү, соттолгондорду беткап менен камсыздоону, дезинфекция жасоону талап кылгандыгы үчүн 15 суткага карцерге камалганын билдирген. Бирок Алматы облусунун атайын прокурорунун орун басары Ербол Керимбек Абишев жанында мобилдик телефон алып жүргөнү үчүн карцерге которулганын белгилеп, коронавируска байланыштуу колонияда коопсуздук чаралары көрүлүп жатканын айткан.

42 жаштагы Асет Абишев 2018-жылы “Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу” айыбы менен төрт жылга соттолгон. Активисттин тарапташтары ал чет өлкөдө жашаган мурдагы банкир, казак бийлигин сындап жүргөн Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдогону үчүн куугунтукталууда деп эсептешет. Казакстанда кыймыл экстремисттик уюм деп табылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: