Бүгүн, 22-апрелде өкмөттүк онлайн-брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев батирлердин ээлерине ижарачыларды кууп чыгарбоо өтүнүчү менен кайрылды.
“Шаардын аймагында ижарага берилген батирлерде көп адамдар жашайт. Алар өзгөчө абалдын талаптарын бузбай үйлөрүндө отурушат. Ошондуктан алардын укугун бузбай колдон келишинче өзгөчө абал бүткөнгө чейин аларды түшүнүп турунуздар”,- деди Орозалиев.
Ошондой эле комендант, “Мындан тышкары ижарага алып иштеткен дүкөндөрдү азыр толук кандуу иштете албай жатышат. Анткени алардын ээлери дагы өзгөчө абалды сактап үйлөрүндө отурушат. Ошондуктан ижарага берген дүкөндүн ээлерине кайрыл кетет элем. Сиздер дагы убактылуу ижара акысын талап кылбай, колдон келишинче аларды түшүнгөнгө аракет кылып турсаңыздар. Азыр бүткүл өлкө үчүн татаал мезгил болуп саналат жана биз бири-бирибизди колдоп, ынтымактуу болушубуз керек”,- деп кошумчалады ал.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ