Menu

Мигранттар: Орусия полициясы президент Путиндин жарлыгын аткарган жок

Бөлүшүү:

Орусиядагы тажик мигранттары полиция кызматкерлери жана иш берүүчүлөр эмгек патентин төлөөгө мажбурлап жатканын билдиришүүдө.

Владимир Путиндин 18-апрелде COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүнө байланышкан милдеттүү узартуулар 15-марттан 15-июнга чейин убактылуу токтотулган. Башкача айтканда, бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт.

Екатеринбург шаарында жашаган мигранттар полиция кызматкерлери бул жарлыкка карабай каттоо мөөнөтүн узартпай же патент үчүн акы төлөбөй жүргөн мигранттарды кармап жатканын билдиришүүдө.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги билдиргендей, Орусия президентинин жарлыгы өлкөнүн бардык аймактарына тиешелүү жана мигранттар өз укуктарын коргошу керек.

Орусия бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө бир миллиондон ашуун тажикстандык мигрант бар.

Тажик мигранттары 2019-жылы мекенине 2,7 миллиард доллар каражат жөнөтүшкөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 6,6% көп болгон. Дүйнөлүк банк пандемияга байланыштуу мигранттардын акча которуулары рекорддук деңгээлде азайышы ыктымал экенин божомолдоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: