Menu

Үйүңүздөн чыкпай эле Россиянын банктарынын Visa, MasterCard, “МИР” карталарына акча которууга шарт түзүлдү

Бөлүшүү:

“Кыргызстан коммерциялык банкы” Россия федерациясынын банктык карталарын үйдөн чыкпастан ар бир колдонуучу өзүнүн мобилдик банкинг “М Bank online” аркылуу толуктоо кызматы ишке киргендигин кабарлады.

Мындан ары “Кыргызстан банкынын” кардарлары Россиялык банктар чыгарган Visa, MasterCard, “МИР” карталарына картанын башкы бетиндеги номур аркылуу акча которо алышат (Картанын башкы бетиндеги 16 номерлүү сан).

Аны менен катар Россия федерациясынын рыногундагы чоң оюнчулар болгон “Сбербанк”, “Тинькофф Банк”, “Альфа банк”, жана башкаларга да бул кызмат жеткиликтүү.

Россиялык банк картасын MBank Online тиркемеси аркылуу кантип толуктоого болот?

1. MBank online программасынын “Төлөө” же “Тынымсыз төлөө” бөлүмүнө кириңиз,

2. “Картанын номери боюнча төлөөнү” тандаңыз,

3. “Россия картасын толуктоону” тандаңыз,

4. Картанын башкы бетиндеги номурду жана сумманы жазыңыз,

5. Туура экендигин текшерип төлөөнү аткарыңыз. Квитанцияны сактап же каалаган месенджер почтасына жөнөтсөңүз болот.

Которуунун комиссиясы 2%ды 35сомду түзөт.

Акча которуунун минималдуу суммасы 15 сомду ал эми максималдуу сумма 15 миңди түзөт.

Эгерде сизде “Кыргызстан коммерциялык банкынын” картасы болуп, бирок сиз “Мобилдик банкинг MBank Online” кызматын кошууга үлгүрбөй калсаңыз, өзгөчө кырдаал учурунда сайт аркылуу кошуп, жана кенен маалыматты да сайттан тапсаңыз болот.

 

       

     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: