“Чүй облусу бардык аймактардын борбору болуп саналат. Ошондой эле, облуста ички миграциянын көлөмү чоң. Жарандар Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынан да келишет” – деп билдирди бүгүн, 30-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
“Алардын бир бөлүгү Чүй облусундагы ишканаларда иштеген. Бир гана ишканаларда гана эмес, турмуш-тиричилик жактан тейлөө жаатында да эмгектенишкен. Ошондуктан, Чүй облусунда коронавирустун учурлары көп катталган” – деп билдирди Айнура Акматова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ