“Бүгүн Ат-Башы райондук ооруканасынан 6 адам коронавирустан айыгып чыгарып жатабыз. Анткени алардын акыркы 2 ПЦР анализи терс натыйжа менен чыкты. Клиникалык абалы туруктуу, температурасы жок. Үйлөрүндө да көзөмөлдө болушат. Булар коронавирустун жеңил формасы менен ооругандар. Ошондой эле бизде оор акыбалдагы бейтаптар да бар. Алар ИВЛ аппараты менен дем алып жатышат, анткени демдери жетишпей, рентген аркылуу эки тараптуу пневмония экени тастыкталган”, – деп билдирди бүгүн, 30-апрелде оорукананын врачы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ