Menu

Сузак районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы гуманитардык жардам сурап келген аялга кол көтөргөн

Бөлүшүү:

Сузак районунда айыл өкмөттүн башчысы гуманитардык жардам сурап келген аялга кол көтөргөн. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде депутат Тазабек Икрамов ЖКнын жыйынында билдирди.

“Мага Сузак районунун тургундары кайрылышты. Сузак районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы гуманитардык жардам сурап келген аялды колго чапкан экен. Ал аялдын колунда кичинекей баласы бар болгон экен, аны колго чапканда, жаш баласы жерге кулап түшүптүр. Ушундан улам чыр-чатак чыккан. Бул ишти карап койсоңуздар” – деп билдирди Тазабек Икрамов.

Белгилей кетсек, 30-апрелге карата республика боюнча коронавирустук инфекциянын 17 жаңы фактысы аныкталды. Мунун менен коронавируска чалдыккан адамдардын саны 746га жетти. Анын ичинен 462 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Сегиз адам илдеттен улам көз жумган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: