Бүгүн, 6-майда Кыргызстанда дагы 28 адамдан коронавирус инфекциясы табылды. Анын ичинде Тажикстандан келген 4 студенттен да коронавирус аныкталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, студенттерди кыргыз-тажик чек арасынан текшерип жаткан убакта вирус табылган.
“Тажикстандын Худжант шаарынан Баткендин Лейлек районуна 3 адам кайтып келген. Алар Худжант мамлекеттик университетинин студенттери. Ошондой эле Душанбе шаарында окуган студент кайтып келген. Коронавирус аныкталган студенттер ооруканага жаткырылды” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 871 учуру аныкталган. Анын ичинен Баткен облусунда 12 адам вирусту жуктуруп алып, анын арасынан 8 жаран сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ