Дубай – Бишкек чартердик каттам менен учуп келген 1 жарандан коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, бүгүнкү катталган жаңы 28 учурдун ичинен бешөө сырттан келген. Алар: Тажикстандан келген 4 студент жана Дубайдан учуп келген жарандан аныкталган.
Белгилей кетсек, дубайдан келген акыркы чартердик рейс 3-майда учуп келип, “Манас” эл аралык аэропортуна конгон. Кетерден мурун БАЭ бийлиги кыргызстандыктарды акысыз экспресс-тесттен өткөрүшкөн. Кийинки чартердик каттам 10-майга белгиленген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ