8-майда түнкүсүн Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с, 8-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 м / с чейин күчөйт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +22… +27,
Таласта түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +21…+26,
Баткенде түнкүсүн: +9… +14, күндүз: +24…+29,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +24…+29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +4…+9, күндүз: +17…+22,
Нарында түнкүсүн: +3…+8, күндүз: +17…+22,
Бишкекте түнкүсүн +10…+12, күндүз: +24…+26.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ