Menu

Өкмөт: Эл аралык валюта фонду берген каражаттардын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалымат

Бөлүшүү:

Эл аралык валюта фонду тарабынан берилген каражаттар 2020-жылдын 31-мартында Борбордук казыналыктын учурдагы эсебине 120,85 млн АКШ доллары өлчөмүндө түшкөн. Каражаттар 2020-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча 1 АКШ доллары 84,87 сом чегинде улуттук валютага конвертацияланып, толугу менен сомго айландырганда 10 256,6 млн сомду түздү. Ошол эле учурда 490,8 млн сомдун курстук айырмасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелеринде курстук айырмачылыктан түшкөн киреше катары чагылдырылды.

2020-жылдын апрель айында Эл аралык валюта фондунун айтылган каражатынын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашасына 8 896,8 млн сом жумшалды. Алар:

– айлык акыга 3 994,4 млн сом;

– социалдык керектөө үчүн 468,7 млн сом;

– Социалдык фондго чегерүүлөр 1 834,0 млн сом;

– Милдеттүү медициналык фондго чегерүүлөр 1 210,0 млн сом;

– теңдөөчү чегерүүлөр 160,8 млн сом (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акысы);

– калкты социалдык камсыздоо жана социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жөлөкпулдар 869,2 млн сом;

– медицина товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн алуу 106,3 млн сом;

– стратегиялык запастар 153,0 млн сом (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан эгин алууга);

– коронавируска каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам оор турмуш шартында калган калк үчүн азык-түлүк алууга 100,4 млн сом.

Ошентип, Эл аралык валюта фондунун каражаттарынын калдыгы үстүбүздөгү жылдын апрелине карата 1 359,8 млн сомду түзөт, ал 2020-жылдын майында республикалык бюджеттин социалдык маанилүү чыгымдарына жумшалат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: