Menu

Бактыбек Шамкеев, “Айыл Банк” төрагасы: “Бүгүнкү күндө 10 миңден ашык кардарларыбыз насыя төлөмдөрүнүн мөөнөтүн узартышты”

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө 10 миңден ашык кардарларыбыз насыя төлөмдөрүн мөөнөтүн узартып төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде “Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

“Өзүңүздөр билгендей “Айыл Банктын” филиалдары көбүнчө региондордо иштейт. Азыркы күндө банктын филиалдарынын 103 мекемеси иштеп жатат. Өзгөчө кырдаал учурунда биз дагы 2 мекемени ачканбыз. Жалпы насыялык портфелдин суммасы 21 миллиард сомдон ашып жатат. Ушул жылдын башынан баштап биздин кардарларга 4 миллиард сом насыя бердик. Жалпы кардарлардын саны 17 миңден ашык. Учурда бүт аймактарда биздин филиалдарыбыз иштеп жатат. Өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин биздин кардарларга атайын өзгөчө шарттарды түзүп, каржылоону токтотпой иштеп жатабыз. Андан тышкары Улуттук банктын чечиминин негизинде биз өзүбүздүн кардарларга узартып төлөөгө мүмкүнчүлүк бердик. Бүгүнкү күндө 10 миңден ашык кардарларыбыз насыя төлөмдөрүн мөөнөтүн узартып төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Узартып төлөөгө 3 айга чейин уруксат берилет”,- деди Бактыбек Шамкеев.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: