Казакстанда коронавирус инфекциясынан каза болгон адамдардын саны 31ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 23-апрелде COVID-19 диагнозу коюлган Павлодар шаарынын 57 жаштагы тургуну 6-майда кечинде каза болгон. 26-апрелде анын абалы оорлошуп, реанимация бөлүмүнө которулган. 29-апрелде жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4753 кишиге жетти. Алардын 1518и айыгып чыкты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ