Анын айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, дарыгерлер, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, атайын кызматтар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери, коммуналдык жана энергетикалык кызматтар, ошондой эле айыл чарба соодагерлери тоскоолдуксуз өтө алат.
“Алардын жанында кызматтык күбөлүк же иштеген жеринен маалымат кат болушу керек”, – деп билдирди Азиз Суракматов.
Ал эми башка учурларда өздүгүн тастыктаган документ, жашаган жеринен маалымат кат, иштеген жеринен уюмдун катталган жери боюнча МСКнын райондук башкармалыгынын мөөрү же райондук башкармалыгынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат болушу керек. Ал эми жеке ишкерлерде патент болушу керек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ