Азыркы учурда кодекстерде карантиндик жана санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн бир катар беренелер каралган. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Бишкектин мэри Азиз Суракматов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, ал мыйзамдарга акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор 2020-жылдын 3-апрелинде кабыл алынып, санкциялар күчөтүлүп, салынган айып пулдардын көлөмү 1 миңден 180 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.
“Санитардык нормаларды бузгандарга өзгөчө көңүл бурулат, т.а. бат кап тагынбагандарга 1000 сомдон 5000 сомго чейин каралган” – деп билдирди Азиз Суракматов.
“Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу шартында, борбордо иштеген бардык субъекттер санитардык эрежелерди: маска кийүү, кол менен дезинфекциялоо жана коомдук жайларда эки метрден кем эмес аралыкты сактоого милдеттүү” – деп кошумчалды мэр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ