Menu

Замир Жоошев, адвокат: “Мамлекеттик айыптоо Атамбаевге коронавирус жуктурууну каалап жаткандай сезилет”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-майда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумунда, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаев сотко суук тийип, коронавирустун белгилери болушу мүмкүн деп чочулагандыгын айтты.

Ал судьядан медициналык кароодон өтүүсүн суранган, анткени Бишкектеги СИЗО-1 медициналык кызматы анын арыздарына жооп берген эмес. Калган айыпталуучулар да инфекциянын коркунучу боюнча тынчсызданууларын билдиришти.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымы боюнча, сот Сагынбаевдин билдирүүсүнө эч кандай реакция жасаган жок.

“Бул иш боюнча айыпталып жаткан коронавируска шектелип жаткандыгына байланыштуу тергөө изоляторунун администрациясына таасир эте алабы же жокпу, белгисиз бойдон калды” – деди Замир Жоошев.

Замир Жоошев, Канат Сагынбаевдин суук тийүүнүн белгилери жөнүндө айткандан кийин, мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев ордунан туруп, айыпталуучу Алмазбек Атамбаевди башка соттолуучулар менен бирге айнек “аквариумда” отурушун талап кылгандыгын белгиледи.

“Эсиңиздерге сала кетейин, айыпталуучулар үчүн айнек кутучасы кичинекей болгондуктан, Атамбаев адвокатынын жанында отурган. Бул кутучада калган жети соттолуучу да вирустардын жайылышына жакшы шарт түзүп, бири-биринин жанында отурушат” – деди адвокат.

Таң калыштуусу, сот Сыдыков айыпталуучулардын суук тийгендиги жөнүндө отчётун четке кагып, прокурордун өтүнүчүнө дароо жооп кайтарып, күзөтчүлөргө Атамбаевди айнек кутучасына отургузууну буйруду.

“Мамлекеттик айыптоо Атамбаевге коронавирус жуктурууну каалап жаткандай сезилет. Болбосо, эмне үчүн алар Атамбаевди клеткага батпаса дагы ал жакка отургузушун талап кылышууда? Эмне үчүн алар сот тарабынан карантиндик чаралар одоно бузулгандыгын байкабай жатышат?” – дейт адвокат.

Эсиңиздрге сала кетсек, 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан. Атайын операция маалында полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Аталган фактылар КРнын Жаза кодексинин “адам өлтүрүү”, “барымтага алуу”, “бийликти күч менен басып алуу”, “массалык баш аламандыктар”, “куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бул иш боюнча жалпысынан 19 айыпталуучу бар. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында отурат. №1 тергөө изоляторунда – Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев, Атамбаевдин тарапташтары Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Курманбек уулу Ринат, Марат Шаменов, Рысбек уулу Карыпбек жана Нооруз Капар уулу отурат.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: