Menu

Бишкек мэриясы: Борборго кирүү үчүн ПЧР тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат кереги жок

Бөлүшүү:

Бишкек шаарына кирүү үчүн ПЧР-тесттен өткөндүгүн тастыктаган маалым кат кереги жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, жарандар жумуштан алынган маалымкатты жана өздүгүн тастыктаган документти алып жүрүүсү зарыл. Ишмердигине уруксат берилген ишкерлер 312.meria.kg сайтына кирип, анкета толтуруп, электрондук уруксатты алса болот.

Белгилей кетсек, 11-майдан тарта Бишкекте коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында карантин жана чектөө чаралары киргизилген. Борбордун периметри боюнча 16 блок-пост орнотулган. Бишкек шаарынын четинде орнотулган блок-посттордо медициналык кызматкерлер шаарга кирген бардык жарандардын дене табын текеришет. Коронавируска шек болгон кезде медициналык кызматкерлер ал жаранды обсервацияга жөнөтүүгө же ПЧР-тест алууга укуктуу.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: