Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 14-майда түнкүсүн Талас жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, айрым жерлерде 17-22 м/с чейин жетет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +20… +25,
Таласта түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +18…+23,
Баткенде түнкүсүн: +14… +19, күндүз: +21…+26,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +14…+19, күндүз: +21…+26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +21…+26,
Нарында түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +19…+24,
Бишкекте түнкүсүн +15…+17, күндүз: +22…+24.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ