Өлкөдө коронавирус катталгандан бери Талас облусунда алынган бардык ПЧР анализдер Бишкектеги лабораторияга жөнөтүлчү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, Талас облусунда 3189 ПЧР-тест жана экспресс-тестирлөө аркылуу 14224 анализ алынган.
“Талас облусунда мурда лаборатория жок болгондуктан, коронавирус аныкталган эмес деген маалыматтар бар. Ал андай эмес. Эпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлө баштагандан тартып, Талас облусунда алынган ПЧР анализдери Бишкектеги лабораторияларга жөнөтүлчү. Учурда облуста мобилдик лаборатория иштеп жатат, анда жеринде коронавируска изилдөөлөр жүргүзүлөт” – деп билдирди Нурболотт Үсөнбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ