Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Урматбек Самаев Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон 2019-жылы канча эркек прокурор декреттик өргүүгө чыкканын сурады.
Депутаттын айтымы боюнча, Кыргызстандагы бардык күч түзүмдөрүнүн ичинен эркектер эң көп декреттик өргүүнү алышат.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, өткөн жылы үч кызматкер декреттик өргүүгө кеткен. Ал эркектердин декреттик өргүүгө чыгышына мыйзам жол бере турганын айтты.
“Аялы төрөп, иштегендиктен баласын карайм деп декреттик өргүүгө чыгышууда. Биз буга тыюу сала албайт экенбиз” – деп билдирди Өткүрбек Жамшитов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ