Menu

Дастан Бекешов: “Дарыгерлерди бир жагынан Өкмөт алдаса, экинчи жагынан укук коргоо органдары басым жасаса, жарандар сабаса, анда аларды ким коргойт?”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-майда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов  Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында прокуратура органдарынын өткөн жылы аткарган иши боюнча отчёт берип жатат.

Жыйында депутат Дастан Бекешов прокуратурага укук коргоо органдары тарабынан дарыгерлерге басым болуп жаткандыгы тууралуу кат жөнөткөнүн айтты.

“Кат жөнөтсөм, сиз (Өткүрбек Жамшитов) уялбай эле мага “дарыгерлер өздөрүнүн каалоосу менен милицияда же УКМКда отуруп алып, камеранын алдында кечирим сурап жатышат” деп кат жөнөтүп жатасыз. дарыгерлерди бир жагынан Өкмөт алдаса, экинчи жагынан укук коргоо органдары басым жасаса, жарандар сабаса, анда аларды ким коргойт? Өз каалоосу менен тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө отуруп алып, социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн камеранын алдында эч ким эч качан кечирим сурабайт” – деди депутат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 95 факт катталганын айтты.

“26 адам өз каалоосу кечирим сурашты. Тергөөнүн жүрүшүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эгер биз бардыгын мажбурлабасак, анда 95 адамдын барлыгын сураттырбайт белек?” – деп билдирди башкы прокурор.

Ал ошондой эле, бардык иштер мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: