“Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Садыр Жапаровду колдогон митинг өткөн. Ошол жерде модератор болгон экс-депутат Каныбек Осмоналиевге иш козголуп, азыр убактылуу кармоочу жайда жатат. Аны үй камагына чыгарып койсо болбойбу?” – деп сурады бүгүн, 21-майда депутат Зиядин Жамалдинов парламентке отчёт берип жаткан башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон.
Башкы прокурордун айтымында, бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
“Ал жерде жалгыз гана ал эмес, 5-6 адам жоопко тартылган. Бөгөт коюу чарасы – камакта. Бүгүнкү күндө тергөө органдары иштин жагдайларын карап, жыйынтыкка келип жатат. Тергөө оргонын дагы прокуратура колдогон. Бүгүнкү күндө анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө негиз жок” – деп жооп берди башкы прокурор.
Эсиңиздерге сала кетсек, Ала-Тоо аянтында парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдогон митингден кийин УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев жана мурдагы судья Анар Дубанаев кармалган. Алар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ