Коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн ишканаларга 900 миң сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
2020-жылдын 1-майынан 22-майына чейин республиканын оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери коронавирустук инфекциянын таралышынын алдын алуу алкагында өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал режими алынгандан кийин ишин кайрадан башташкан объектилерди текшеришкен.
Жалпысынан республика боюнча 6,891 объект текшерилген. Алар:
– Бишкек – 768;
– Ош облусу – 2706;
– Баткен облусу – 590;
– Жалал-Абад облусу – 543;
– Талас облусу – 180;
– Ысык-Көл облусу – 1385;
– Чүй облусу – 428;
– Нарын облусу – 245.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2710 жазма эскертүү, 707 протокол жана 9 эскертүү түзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ