Menu

Өзбекстанда 555 млн долларга бааланган газ эсептегичтерин Ташкент мэрине байланышы бар компания орнотот

Бөлүшүү:

2020-жылдын июль айынан тартып жаратылыш газына кошулган өзбекстандыктарга  “акылдуу” газ эсептегичтери орнотулат. Мамлекеттен тапшырык алган компания 3 546 148 абонентти тейлейт.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги муну менен жаратылыш газын уурдоону тыюуга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирүүдө.

«Худудтаъминот» ачык акционердик коому газ эсептегичтерди компаниянын эсебинен бекер орнотууну сунуштап жатат.

Бул долбоордун баасы 2019-жылы 400 миллион, кийинчерээк 644 миллион, 2020-жылы февралда кайра 555 миллион АКШ долларына бааланган.

“Азатттыктын” өзбек кызматы 555 миллион долларга бааланган мамлекеттик буюртма Ташкент шаарынын мэри Жахонгир Артыкхожаевдин бизнес империясына байланышы бар компанияларга берилгенин аныктады.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Өзбекстандагы эң кымбат мамлекеттик долбоорлор, анын ичинде эки миллиард долларга бааланган Tashkent City тендерсиз эле Жахонгир Артыкхожаевдин компанияларына берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: