Бишкек шаарында жаңы ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бакка вандалдар кол салышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар Түлөбердиевдин эстелигиндеги тамгаларды атайылап жулуп салышкан. Эстеликтен тышкары балдар аянтчасындагы селкинчектин отургучун жана жаңы коюлган таштанды урналарды көтөрүп кетишкен.
“Тамгалар атайын бир курч курал менен чыгарылган. Азыркы учурда сейил бакка камералар орнотулду. Алар бир апта ичинде иштей баштайт. Урматтуу шаардын жашоочулары, жалпы элдин мүлкүн талкалоонун кереги жок. Аны калыбына келтирүүгө жана оңдоого акча каражат жана мээнет кетет”, – деп жазылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ