Menu

АКШ: Орусия адам сатууга каршы жигердүү күрөшкөн жок

Бөлүшүү:

Орусия бийлиги киши сатууга каршы жигердүү иш алып барган жок, бийликтин бул тармактагы аракеттери көйгөйгө каршы күрөшүүдөгү стандарттарга жооп бербейт. Мындай бүтүм дүйнөдөгү адам соодалоо маселеси жөнүндөгү баяндамада камтылган.

Документ менен бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тааныштырды.

Орусия адам сатуу маселеси курч турган 20 өлкө менен бирге үчүнчү топко киргизилген. Бул топто Ооганстан, Иран, Түркмөнстан жана Беларус да бар. Баяндамада мажбурлап иштетүү маселеси олуттуу экени, мындан көбүнчө Орусиядагы кытай жумушчулары жапа чегип жатканы белгиленген. АКШ бийлиги Орусияда ыктыярсыз түрдө Кытайдын миңдеген жарандары иштеп жүрөт эсептейт.

Помпеонун айтымында, ушул тапта дүйнөдө 25 миллион киши, анын ичинде балдар адам соодалоонун жана сексуалдык кулчулуктун курмандыгы болууда.

Помпео АКШ президенти Дональд Трамп 2019-жылдагы баяндамада төмөнкү рейтинг ыйгарылган 15 өлкөгө жардамдын айрым түрлөрүн берүүнү чектегенин эске салды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: