Бүгүн, 30-июнда Бишкекке Jazeera Airways авиакомпаниясынын Кувейт – Бишкек каттамы аркылуу Кыргызстандын 102 жараны учуп келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган чартердик каттам менен буга чейин Катарда, Египетте жана Малайзияда жүргөн кыргыз жарандары да учуп келишкен. Кувейт тарап менен макулдашуу боюнча алар үчүн транзиттик каттам уюштурулган.
Бардык келген жарандар тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ