Menu

Өзбекстанда төрөлгөн сиам эгиздеринин абалы канааттандырарлык

Бөлүшүү:

Иракта төрөлгөн сиам эгиздери. 11-июнь, 2010-жыл.

Самаркандда 27-июнда төрөлгөн сиам эгиздеринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Сиам эгиздери кычкылтек жетишсиздигинен улам интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылган. Адистер кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүшүүдө.

Эки баштуу бала Самарканд облусунун перинаталдык борборунда кесерева жолу менен төрөлгөн. Ымыркайдын эки колу, эки буту, бир жүрөгү, төрт бөйрөгү бар. Анын салмагы – 4,6 килограмм, бою – 48 сантиметр.

29-июнда сиам эгиздеринин абалы начарлап, Самарканд облустук балдардын көп профилдүү медициналык борборуна которулган.

Маалыматка караганда, наристе демигип, жүрөк кемтигинен жабыркап жатат.

Буга чейин Өзбекстанда сиам эгиздери болгон эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: