Бүгүн, 3-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коррупционерлерге кайрылып, жашырган акчаларын чыгарып, өлкөгө кайтарып берүүгө убакыт келгенин билдирди. Депутат бул билдирүүсүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.
“Коррупционерлер убакыт келди! Офшорго каткан акчаңарды, басып жаткан байлыгыңарды чыгарып, элдин саламаттыгына жумшагыла. Кыйналып турган медицина тармагын каржылап, дары-дармек, препарат, кычкылтек болуп чыгаруучу аппараттарды алып келгиле. Болбосо элдин убалына каласыңар. Силердин айыңардан медицина талкаланды, миллиарддаган долларлар силердин чөнтөгүңөргө кетти. Россиянын президенти В. В. Путин орус байларына “Силердин кантип байыганыңарды билем, эл менен бөлүшчү учур келди” деп пандемия алгач башталганда эле айткан. Силер да отуз жылдап ичип жегениңерди эл менен бөлүшчү мезгил келди” – деп жазган депутат.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Тазабек Икрамов коррупционерлерге каршы “согуш” жарыялап, мамлекеттик мүлккө кол салгандар, коррупция менен шектелип соттолгон адамдарга, анын туугандары жана балдарына Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштаган эле. Бирок, мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ