Кара-Суу районундагы “Баястан” ресторанынын ээсине Жоруктар жөнүндө кодексинин “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБси журналисттерге билдирди.
Милиция жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкерлери “Баястан” ресторанынын кожоюну тушоо той өткөрүүнү көздөп жатканын аныкташкан. Ошол маалда ресторанга онго жакын адам келип, башка конокторду күтүп турушкан. Жерине массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери келип, майрамдык иш-чаралар токтотулган.
Ички иштер башкармалыгы белгилегендей, ресторандын ээсине кандайдыр бир майрамдарды өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө үч жолу эскертүү берилип, айыппул салынган. Бирок, алар ишин уланта беришкен. Буга байланыштуу, КР Жоруктар кодексине ылайык кылмыш иши козголгон.
Ресторандын ээси 1980-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну Калмурзаев Нурбек Жолборсович экени белгилүү болду.
Милиция мекеме суу жана электр жарыгынан ажыратылганын кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ