Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов жакында көзү өтүп кеткен жубайы Жанара Турдакуновага ыр арнады. Саясатчы өзүнүн коштошуу ырын бүгүн, 8-июлда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.
КОШ ЖАНЫМ ЖАРЫМ ЖАНАРЫМ.
Канатым сынып кайрылды,
Бөлүшөөр барбы кайгымды?
Ажырап калдым жарымдан,
Өмүрлүк жаным, периштем.
Өксүдү жаным, ый толуп,
Санаага баттым ойлонуп.
Жазылган дешет маңдайга,
Башынан баары болжонуп.
Жаш элең, жаным жаш элең,
Баарына өзүң, баш элең.
Асылым сени, жар кылып,
Төрөп берген ата-энең.
Адамдан элең башкача,
Жарашчу сени мактаса.
Ажалды таптың доктурдан,
Болобу баса айтпаса.
Жашап бир келгем жомоктой,
Сен барда баарын тоготпой.
Өксүттүң жанды асылым,
Олтурам ыйлап шолоктой.
Кош жаным, жарым асылым!
Жоготту жүрөк жакынын.
Бүдөмүк болуп алды жак,
Жетпей бир турат акылым.
Белгилей кетсек, Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова 6-июлда эки тараптуу пневмониядан улам каза тапкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ