Menu

Видео – Ырчы Мирбек Атабеков гив оюнуна арналган 2 миллион сомду коронавирус менен күрөшүү үчүн жумшады

Бөлүшүү:

Ырчы Мирбек Атабеков коронавирус жана пневмония менен ооруган адамдарды дарылоо үчүн уюшулган ооруканаларга 2 миллион сом бөлүп берди. 

Мирбек Атабеков жубайы Мээрим Төлөпберген менен ойнотуп жаткан жылдык гив оюну аягына чыкканын билдирди.

Анын айтымында, алардын эсебинде 2 миллион сом бар, ал гивдин башкы сыйлыгы – батирге арналган. Гивдин демөөрчүлөрү менен биргеликте, сумманы толугу менен ооруканаларга өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

“Биздин гивдин демөөрчүлөрүнүн, катышуучулардын, уюштуруучулардын атынан батир алып, ойнотобуз деген каражаттар бар болчу. Мындай оор абалда биз гивдин барын жыйыштырып, ошол каражаттын бардыгын кайрымдуулукка жумшашыбыз керек. Биздин эсепте 2 миллион сомдой акча бар. Бабур Төлбаев агабыз 2 жатакананы оорукана кылып уюштуруп жатат, кычкылтек концентраторунан сырткары дагы көптөгөн жабдуулар керек экен, акча толугу менен ошол жакка жумшалат. Бабур Төлбаевди жакшы тааныйм, акча каражатын туура нукка жумшайт деп толук ишенем. Гивдин катышуучуларына, демөөрчүлөрүнө терең ыраазычылык билдирем. Сиздер берген акчалар адамдардын өмүрүн сактап калуу максатында жумшалат” – деп билдирди Мирбек Атабеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: